Депутат боло тургандардын эң улуусу — 69, эң жашы — 25 жашта. Алар кимдер?

БШКнын берген маалыматына ылайык, алдын-ала түзүлгөн тизмеде парламентке өткөн 90 талапкердин эң улуусу Гүлай Машрапова болууда.
Ал 1956-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Большевик айылында төрөлгөн, учурда 69 жашта. БШКга арызын пенсионер катары тапшырган, буга чейин Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Жогорку Кеңештин регламентинин 8-беренесинин 2-пунктуна ылайык, парламенттин биринчи жыйынын эң улуу депутат ачат жана төрага шайланганга чейин жыйынга төрагалык кылат.

Ал эми депутаттардын эң жашы – Бекмырза Чолпонбай уулу. Ал 2000-жылы төрөлгөн, 25 жашта. Акыркы жолу прокуратуранын адиси катары катталган.