Депутат: «Буудай эки эсеге кымбаттады. Демек, жакында ун да кымбаттайт»

«Буудай эки эсеге кымбаттады. Демек, жакында ун да кымбаттайт». Бул тууралуу кечээ, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаты Дастанбек Жумабеков билдирди.

«Буга чейин буудайдын тоннасы 250 доллар болсо, азыр анын баасы биржада 500 доллар болуп жатат. Демек, жакында ун да кымбаттайт. Азык-түлүк эмне болорун ойлогондон да чочулап турам. Себеби биз импорттон көз карандыбыз», — деди депутат.