Депутат: «Чек арадагы чыр күйүүчү майдын аткезчилигинен улам башталган деп айтылып жатат»

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин укук коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети өз жыйынын чек ара жаңжалында курман болгондорду эскерүү менен баштады. Күн тиртибинде Баткен облусунун Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон чек ара куралдуу жаңжалы жөнүндө маалымат угуу эле.

Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү тарабынан отчет берилгенден кийин депутат Урмат Самаев жаңжал кантип башталганын сурады. «Интернетте чек арадан күнүнө 200-300 унаа күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтөт. Ар биринде 40 тонна май болот деп жатышат. Буга ким жооп берет? Ал дал ушул чек арадагы жаңжалдын чыгышына себеп болгон деп жатышат», — деди ал.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев аткезчилик департаменттин карамагында эмес деп жооп берди. «Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат, бирок мен бул негизги себеп эмес деп ойлойм», — деди ал.

Соцтармакта бүгүн да Баткенде күйүүчү-майлоочу майды Тажикстанга ташуу уланып жаткандыгын айтышып, унаалардын видеосун интернетке жарыялашкан эле.