Депутат: «Чек арага чектеш айылдарга курал-жарак таратышыбыз керек»

Биздин аскерлер жөнөкөй Тажик аскерлери менен кармашкан жок. Биздин аскерлер эл аралык масштабдагы Ооганстандан Рахмон жалдап келген эл аралык террорчулар менен кармашты. Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу жыйында билдирди.

«Учурда ошол жерде күнү-түнү коргоп жаткан жоокерлерибизге жана алардын жетекчилерине ыраазычылык билдирүү зарыл. Чек арага чектеш айылдардагы үй-бүлөдөгү армияга жарактуу үй-бүлө мүчөсүнө курал-жарак таратышыбыз керек. Күнү-түнү өзүлөрүнүн айылдарын коргоп алышы кажет. Коркпой эле курал таратышыбыз абзел. Рахмон бийлигин кармап калышы үчүн ушул ишке баргандай болуп жатат», — деди ал.