«Мекенчил» тобунун лидери: «Айдарбеков жоопкерчиликтен качып жатат»

Чыңгыз Айдарбековдун жүрүм-турумуна, кийимине шек келтирген адам жок. Мен мисалы, сыйлайм. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

«Чыңгыз Айдарбеков сабаттуу, билимдүү жаш жигит. Бирок азыркы маселе чек ара жөнүндө эмес, азыр маселе жыйынды ачып, аны өткөрүп, бирок чечимине кол койбойгондугу үчүн. Мен деле жөн эле отуруп алып, кол коюп коет деген кишилерден эмесмин. Ошондуктан айырмалагыла, бул жерге чек аранын тиешеси жок, эгер чечимге кол койбосо, ал жоопкерчиликтен качып жатат», — деди ал.

Элмурза Сатыбалдиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан бөлүнүп чыккан «Мекенчил» депутаттык тобунун лидери болуп шайланган. Аталган депутаттык топ дагы башка 4 фракция менен биргеликте Чыңгыз Айдарбековдун комитет төрагалыгынан кетирүүнү көздөп жатат.