Депутат Чыңгыз Айдарбеков: «Украинадагы кырдаал тынч, дипломатиялык жол менен чечилиши керек»

Украинанын президенти Владимир Зеленский аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алганы маалым болду. Мындай чечим украиналык кризис боюнча Кыргызстандын позициясынан улам экендиги айтылды.

SUPERTV каналы буга байланыштуу «Украинада соңку бир аптадан бери болуп жаткан окуяларга карата Кыргыз бийлигинин позициясы кандай болушу керек деп эсептейсиз? Орусияны колдошу керекпи же Украинаныбы? Же эки жакты тең колдобогон, карманган позицияда болушу шартпы?» деген суроо менен депутаттардын позициясын билүүнү туура көрдүк.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков Конституция боюнча тышкы саясатты президент аныктарын, ал эми аткаруу, көзөмөл Тышкы иштер министрлигине караштуу экенин айтат. «Украинадагы кырдаал боюнча президент өз позициясын билдирип койду. Болуп жаткан окуяларды байкап турабыз. Муну тынч, дипломатиялык жол менен чечиши керек. Маселе эрте чечилсе, жакшы болот эле», — деди ал.