Депутат Атамбаев: «Дача-СУ боюнча комиссияга киргендердин көбү бийликтин жактоочулары»

«Эки жумадан бери байкап отурам, Дача-СУ боюнча комиссияны карасам, көбүнчөсү бийликтин жактоочулары болуп жатат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев жыйында билдирди.

«Бир тараптуу болуп жатат. Бул жакта техникалык адистер да жок экен. Жалаң саясатчылар, укук коргоочулар экен. Өзүңөр билесиңер Кой-Таш окуясында Сооронбай Жээнбеков комиссия түзгөн. Бирок андан эч нерсе чыккан жок. Тизмеге жактоочу Замир Жоошевди деле кошуп койгула. Суранган», — деди ал.