Депутат: «Доллардын баасы жасалма жол менен түшүрүлүп жатат»

«Доллардын баасы жасалма жол менен түшүрүлүп жатат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов билдирди.

«Дүйнөлүк рынокто баркыбыз болгондо, баалар түшүшү керек болчу. Силер да «бааны түшүргүлө» деп айтышыңар керек болмок», — деди эл өкүлү.

Улуттук банктын өкүлү доллар арзандап жатканы менен азык-түлүктүн баасы түшпөгөнүн айтты. «Жеткирүүчүлөр доллардын курсу азыркыдан кымбат болуп турганда келишим түзүшкөн, ошондуктан товарлардын баасын төмөндөтө албайбыз деп жооп беришти», — деди ал.