Депутат: «Эгер биз фейктен корксок, анда депутат болуп эмне кереги бар?»

Эгер биз фейктен корксок, анда депутат болуп эмне кереги бар? Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аманкул Токтомамбетов суроо салды.

«Эгер биз фейктен корксок, анда депутат болуп эмне кереги бар? Фейктен корксо, чоң кызматка барып эмне кереги бар? Тилди тартыш керек. Жок дегенде фейктин да 10 пайызы чын. Өзүбүз депутаттар жөнүндө көп укмуш сындар айтылып жатса, анан бул мыйзамды өзүбүз чыгарып, өзүбүздүн ар-намысыбызды колдойбуз деп, дагы ашыкча нерсенин бизге кереги жок. Ошол үчүн мен каршымын. Бул мыйзамсыз эле өзүбүздүн ар-намысыбызды коргоп алабыз», — деди ал.