Депутат Эльдар Сулайманов Эрулан Кокуловго: «Таракан десе, таракан болуп кеттиңизби?»

Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов фракциянын 10 мүнөтүн сураган. Ал трибунага чыгып, айыл өкмөттөрдө коррупциялык схема бар экенин айтты.

Ал кесиптештерине кайрылып: «Мен түшүнүп жатам. Көбүңөргө Кыргызстандын келечеги деле кереги жок. Укпасаңар да, тынч отуруп тургулачы. Мен Кыргызстан боюнча сүйлөп жатам. Силер дагы шайланып келгенсиңер»,- деди. Андан соң, Жогорку Кеңеште кайым айтышуу болду.

Депутат Эльдар Сулайманов жеке таарынычтары болсо, бул жерде айтыштын кереги жок экенин билдирди. «Таракан десе, таракан болуп кеттиңизби? Же эмне артынан барып «таракан деген сөзүңдү артка ал» дешибиз керекпи? Бул сиздин кылып жаткан ишиңиз. Сиз мындай сөздөргө чыдашыңыз керек. Бул жерге келип, бизге сын айтпаңыз. Парламент жакшы иштеп жатат. Ишин так аткарууда. Мыйзамдар кабыл алынып жатат. Кумурскадан пил кылбай, өзүңүздү кармаңыз»,- деди депутат.