Депутат электр энергиясынын кымбатташы боюнча: «30 тыйын азыр чоң деле акча эмес»

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада «май айынан электр энергиясынын тарифин 77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз» деди. 2010-жылы Курманбек Бакиевди бийликтен кубалоонун себептеринин бири жарыкка болгон бааны жогорулатуу болгон эле. Депутаттар кезектеги кымбаттоого кандай карашат, ай сайын электр энергияга канча төлөшөт?

«Биз жыргаган жерибизден же жөн отурганыбыздан электр энергиясынын тарифин кымбаттаталы деп жаткан жокпуз. Энергетикалык холдинг минуска иштеп жатат, себеби чыгым көп. Туурабы же туура эмеспи мен айта албайм, себеби биз элди да, мамлекетти да ойлошубуз керек. Эл туура түшүнөт го деп ойлойм. 30 тыйын азыркы учурда андай деле чоң акча эмес», — деди депутат Эльдар Сулайманов.