Депутат: «Элге чыксаң эле биз «чимкирикпиз», биз «жеп атабыз». Биздин 36 миң сом айлыктан башка эч нерсебиз жок»

«Урматтуу, Министрлер кабинети. Элге чыксаң күнөөкөр бир эле депутаттар. Биз «чимкирикпиз», биз «жеп атабыз». Биздин 36 миң сом айлыктан башка эч нерсебиз жок». Бул тууралуу комитет жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов айтып чыкты.

«Акчаны иштеткен силерсиңер (ред. Министрлер кабинети). Чыгып айтсаңарчы, элге чыкканда «акча бизде, депутаттар бир гана уруксат берет» деп. Элге чыксак, биз жеп атабыз, биз «монстр». Биздин айлыгыбыздан башка эч нерсебиз жок. Азыр мына 18 миллион сом сурап жатасыңар. 5 премьер-министр келип жеп-ичип кетти . Бул элдин акчасы да. Силер ошону мыйзамдаштырып бергиле деп атасыңар. Туурасын айткыла. Эл көрүп жатат», — деди ал.

19-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп, бул иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттен 18,9 миллион сом кеткен.