Депутат Сатыбалдиев Украинадагы кырдаал боюнча: «Согуш деген жаман, ал болбош керек»

Украинанын президенти Владимир Зеленский аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алганы маалым болду. Мындай чечим украиналык кризис боюнча Кыргызстандын позициясынан улам экендиги айтылды.

SUPERTV каналы буга байланыштуу «Украинада соңку бир аптадан бери болуп жаткан окуяларга карата Кыргыз бийлигинин позициясы кандай болушу керек деп эсептейсиз? Орусияны колдошу керекпи же Украинаныбы? Же эки жакты тең колдобогон, карманган позицияда болушу шартпы?» деген суроо менен депутаттардын позициясын билүүнү туура көрдүк.

Депутат Эльмурза Сатыбалдиев Кыргызстандын тышкы саясатын президент жүргүзөрүн билдирди. «Менин жеке оюмду айткан туура эмес болуп калышы мүмкүн. Согуш деген жаман нерсе. Согуш болбош керек», — деди ал.