Депутат: «Эми депутаттардын колун сындырабыз дешүүдө. Бул башаламандыкты бирөө жарым токтотушу керек»

Укук коргоо органдары, соттор мыйзамдарды сактабаса, акыйкатчы институтунун иштеши абдан кыйын. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Алар иштебейт деп айтуу да мүмкүн эмес. Биздин өлкөдө мыйзамдын күчүнөн акчанын күчү жогору турат. Төлөсөңүз, процедуралар тездетилет. Эгер төлөбөсөңүз, анда жылдар бою соттук иштер менен жүрүш керек, ал тургай укук коргоо органдары да акча талап кылышат», — деди депутат.

Бекешевдин айтымында, акыйкатчы кызматтан алынышы керек болгондордун аты-жөнүн Жогорку Кеңешке бериши керек. «Силердин ыйгарым укуктарыңарды күчөтсө болобу? Азыр конституциялык мыйзам долбоору иштелип жатат, аны ошол жакка киргизүү керекпи? Биздин жарандардын кайрыла турган жери жок, эми парламентарийлердин колун сындырабыз деп жатышат. Кимдир бирөө бул башаламандыкты токтотушу керек да?» — деди ал.