Депутат Токтошев: «Менин алтын сатып алганга ашыкча акчам жок»

Доллар көтөрүлүп, рубль ылдыйлап, бир аптадан бери валюталык рынокто абал туруксуз. Эл эртеңинен эмнени күтөрүн билбей турат. Мындай жагдайда өкмөт чукул түрдө кандай чараларды көрүшү керек? SUPERTV ушундай суроо менен депутаттарга кайрылды.

Депутат Эмил Токтошевдин айтымында, биздин сом рубль менен долларга байланган. «Эгер ушундай улана берсе, биздин сомдун куну түшөт», — деди ал.

Ал каатчылыктан чыгуу үчүн алтын сатып алганга ашыкча акчасы жок экенин да айтты. «Ким жаздыктын астына акчасын катып жүргөн болсо, сатып алса болот. Бирок азыр эл кымбатчылыкка дуушар болуп жатат», — деди эл өкүлү.