Депутат: «Эмне үчүн айрым каналдар 40-50 киши менен сапаттуу контентти беришет? КТРК толук маалымат бере албайт?»

«Кыргызстан боюнча канча киши КТРКны көрөт?» — деп суроо салды Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу.

«Санарипке өткөндөн кийин 98 пайыз республиканын аймагын камтыйт. КТРКнын 6 каналы тең бардык аймакта тартат», — деди КТРКнын директору Кайрат  Иманалиев. 

«Менин айтайын дегеним, азыр 2022-жыл. Силер телекөрүүчүлөрдүн жашын да карашыңар керек. Азыр 50 жашка чейинкилердин бардыгы смартфонду карайт. Телевизор көрбөй калышты. «Эмне үчүн айрым каналдар 40-50 киши менен сапаттуу контентти беришет? Ал эми сиздерде 700 адам башкалардай болуп толук маалымат бере албайт», — деди депутат. 

Кайрат Иманалиев КТРКда реформа болорун убада кылды.