«Жылдан-жылга китеп тартыш болуп жатат. Бирок бюджеттен бөлүнгөн 152 миллион сомдун баарына китептер чыгарылган жок. Эмнеге?». Мындай суроону бүгүн, 14-декабрда депутат Жалолидин Нурбаев Министрлер кабинетинин тийиштүү мүчөлөрүнө узатты.
Эл өкүлү китептер 2-3 жылда эле эскирип, колдонулбай калып, кайра эле китеп муктаждыгы жаралып жаткан жагдайды жөнгө салууга чакырды.