Депутат: «Эмне үчүн Кыргызстанга караганда Казакстан менен Орусияда тамеки арзан?»

«Эмне үчүн биздеги тамеки Казакстан менен Орусияда арзан?». Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков суроо салды.

«Анткени заводдор ошол жакта. Бизге келип жаткан тамекилер ошол жактан чыгат», — деп жооп берди Салык кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Умтулов. 

«Демек, биз 100 пайыз импортко көз карандыбызбы?» — деп сурады депутат.

«Ооба, 100 пайыз», — деди Умтулов.