«Доскул Бекмурзаев, акча жок дейсиз, билебиз энергетиктер күнүн кандай майрамдаганыңарды». Бул тууралуу депутат Улан Бакасов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Көлдө кандай салют аттырып, кайсы ырчыларды чакырганыңарды. Интернетте маалымат чыкты, аны жакшы билесиз. «Түндүк электрде» 20 миллион мыйзамсыз чыгым деп, мыйзамсыз премия берген деп… Ошону элге бербейсиздерби. Акча жок, акча жок дейсиңер да, чыгым кыласыңар», — деди ал.
«Иш козголуптур, ага юридикалык баа берилет. Ал жөнүндө мен кийинчерээк жооп берейин», — деди министр.
Буга чейин энергетиктер Ысык-Көлдө корпоративди эстрада жылдыздары жана фейерверк менен белгилешкен видео тараган. Фейерверк менен кече соңуна чыккан.











