Депутат энергетика министрине: «Мен аркан менен самын даярдап койдум»

«Башкы прокуратура Энергетика министрлигин 2 айдан бери текшерип жатат. Жетекчилик тыйын короткондон коркуп жатат», — деп билдирди энергетика министри Доскул Бекмурзаев 29-июндагы парламенттин жыйынында.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков министрликке өз каражатына берген 100 электр мамыны бүтүрүп берүүнү талап кылды. «Мен да чөнтөгүмдөн акча чыгардым, 1 миллион сом короттум», — деди депутат.

Энергетика министри Таштанбековго кайрылып, колго алган соң, ишти аягына чыгарууну өтүндү. «Биз да элге жардам бергибиз келет, бирок сиз да бизди түшүнөсүз. 7 миллиард сом бюджетибиз бар”, — деди министр.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев министрге чара көрүлөрүн билдирди. «Министрге чара көрөм, ага көрсөтмө бердим. Төлөп бергиле деп жатат», — деп жооп берди Төрөбаев.

«Мен министрге мамылардын жанында аркан жана самын даярдап койдум», — деп жооп берди депутат.