Депутат Эрулан Кокулов «Саясий коктейль» берүүсүндө жаңы дайындала турган билим берүү министрине кайрылды.
«Президент, эл реформа күтүп жатат деп айтышат. Эл реформаны күтпөй эле. Эл кылына турган жумушту күтүп жатат. Ал жерге барганда жумуш көп болуп, ишке көмүлүп каласың. «Бул жерде көйгөй көп экен, мен деле эч нерсе кылбай эле коёюнчу» дегендей ой келет. Рамиз Алиев деген «Тазалыктын» башчысы бар. Ал ушундай көйгөйлөр бар деп, көрсөтүп берип жатат. Ошондо гана жардам берүүгө болот. Жумуш оор, бирок ошону кылыш керек. Кабинеттерине кирип алат да, эч кимди киргизишпейт», — деди ал.