Депутат Эрулан Кокулов: «Позициям бар, бирок айтпайм»

«Позициям бар, бирок айтпайм». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов бүгүн, 6-январда журналисттерге жана жарандык активисттерге жооп берип жатып билдирди.

«Менин позициям, ал менин позициям. Азыр эч нерсе дей албай жатканымдын себеби — бул мен деле силер сыяктуу көп нерсени билбейм. Бирок азыркы кырдаалга карата өз жообумду берем. Позициям бар, бирок эмне мен аны сөзсүз айтышым керекпи? Эмнеге? Ошол маселе добуш берүүгө коюлганда билдирем. Элге каршы чечим кабыл албайм», — деди депутат.

Жогорку Кеңеште Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүү чечилмек, бирок кворум топтолбой, жыйын эртеңкиге жылдырылды. Ошондой эле, Ак Үйдүн имаратынын жанында Казакстанга ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн киргизүүгө каршы акция да болуп өттү.