Депутат: «Фирманын ээси ким болсо да, мыйзамдуу болсо насыя алсын»

Депутат Эльвира Сурабалдиева жеңилдетилген шартта бериле турган насыяны ала турган ишканалардын арасында министрлер менен депутаттарга таандык компаниялар бар экенин айтып чыкты. Бул коомчулукта түркүн ойлорду жаратып, Министрлер кабинетинен агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн бөлүнө турган 10 миллиард сом боюнча маселени өзгөчө көзөмөлгө алынарын билдиришти.

21-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев калп маалымат таратылып жатканын, насыянын акчасы келе электигин айтты. Мындан улам депутаттарга «Жеңилдетилген насыяны чоңдор да ала турганы сынга кабылды. Бул туурабы?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Балбак Түлөбаев дыйкандарга деген насыя мыйзамдар менен берилиши керек деп эсептейт. «Фирманын ээси ким болсо, болсун. Ал мыйзам талаптарына жооп берсе алыш керек. Эгер мыйзамсыз болсо, албаш керек», — деди ал.