Депутат Козуев: «Бажы башчысы парламентти жана элди алдады»

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков бюджеттин киреше бөлүгүн 10 миллиард сомго ашыкча баалап, парламентти жана элди алдады. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев билдирди.

Бажы башчысы жокпу?» — деп сурады депутат.

«Орун басары бар», — деп жооп берди финансы министри Алмаз Бакетаев.

Депутат буга чейин Бажы кызматынын төрагасы парламентте 2022-жылдын 5 айында 33 миллиард сом киреше түшөрү тууралуу маалымат бергенин эске салды. Козуев бажы кызматынын башчысынын орун басары Улан Кимсановго кайрылды.

«Стенограмма үчүн, сиз 2022-жылы кандай планды аткардыңыз?» — деп сурады депутат.

«2022-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча 23 миллиард 400 миллион сом чогулттук», — деди Кимсанов.

Депутат Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнө кайрылып, жалган маалымат үчүн ким жооп берерин сурады. «Бажы башчысы бул жерде отурган депутаттарды жана Кыргызстандын элин 10 миллиард сом менен алдаган. Буга ким жооп берет?» — сурады ал.

«33 миллиард сом деп айтылды, биз да уктук. 33 миллиард сумманын жарыяланышынын себептери бар, биз чогулткан бажы төлөмдөрүнүн көлөмү менен ЕАЭБден түшкөн каражаттын ортосунда айырма бар. Биздин милдеттерди карап көрсөк, 28 миллиард 200 миллион сом, ага кошуп жеңилдик бар, жалпылап көрсөк, 33 миллиард сом чыгат. Кечирим сурайбыз», — деп түшүндүрдү Кимсанов.