Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат Орусиядагы Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчи кызматына сунушталууда. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учурда парламентке аталган депутат элчи катары сунушталып жаткандыгы тууралуу документтер келип түшкөн.
Белгилей кетсек, Гүлнара-Клара Самат учурда «Ата Мекен» партиясынын депутаты болгону менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынын атынан аттанган.
Ал эми өткөн жылдын октябрь айында болгон ыңклапка чейин Орусиядагы Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчи кызматын Аликбек Жекшенкулов аркалап келген. Бирок экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып, Жекшенкуловду да кызматтан бошоткон болчу.











