Депутат Икрамов: «Казино боюнча мыйзамга менин ордума ким добуш берсе да, мыйзамсыз»

Жогорку Кеңеште казино боюнча мыйзам долбоор добушка коюлган күнү депутат Тазабек Икрамовдун төрага Талант Мамытовдон Чолпон-Атадагы ТүркПАнын жыйынында катышууга кетип жатканын билдирип, кагаз жүзүндө жыйынга катыша албай турганын билдирген кагаз таштап кеткени маалым болду.

Бирок депутат Исхак Масалиев тараткан видеодон казино боюнча мыйзамга Тазабек Икрамовдун «макул» деп добуш бергени көрүнүп турат. Мындан улам СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги депутат Тазабек Икрамов менен байланышып, бул боюнча комментарий алдык.

«Менин ордума ким добуш берсе да, мыйзамсыз. Эч кимге андай ишеним кат берген эмесмин, оозеки да айткан эмесмин. Менин ордума ишеним кат жок добуш берүүгө болбойт. 22-июнда эртең менен барып, кагазга кол коюп, тапшырып кеткем. Барганда көрөм андан ары эмне кылышымды. Бирок видео жаздырууда, түз эфирде менин ордума ким добуш бергенин көрүп алса болот. Калп айтпасам, казино боюнча терс пикиримди билдирген биринчи депутат болгом», — деди депутат.