Депутат Икрамов кымбат дарыланууга муктаж жарандар үчүн мамлекеттик фонд түзүүнү сунуштады

Кечээ, 22-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр, мындан тышкары, “2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Талкуу маалында депутат Айбек Осмонов республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренесинин алкагындагы социалдык объектилердин курулушун каржылоо маселесине өзгөчө көңүл буруп: «Биринчи кезекте аймактардагы социалдык объектилерди, тактап айтканда, Ош облусундагы бүтпөй жаткан курулуштарды бүтүрүү керек», — деди.

Ушундай эле пикирди айткан депутат Арсланбек Малиев Ысык-Көл облусунда да мектеп имараттарынын курулушу бүтпөй жатканын белгилеп, республиканын экономикасынын азыркы абалына жана экономикалык чөйрөдөгү маселелерге токтолду.

Депутат Нурбек Алимбеков жолдорду куруу жана реконструкциялоого пландалган каражаттар боюнча маселелени көтөрсө, депутат Жанарбек Акаев «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун сатуу, Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоо жаатындагы аракеттерге байланыштуу суроо узатты. Өз кезегинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун сатуу маселеси каралып жатканын маалымдады.

Депутат Өмүрбек Бакиров республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө, тартыштыгына байланыштуу суроолорду берип, органдарды алмаштырууга муктаж жарандарга мамлекеттик колдоо жана жардам көрсөтүү керектигин билдирди. Депутат Тазабек Икрамов саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү айтып, медициналык мекемелердин абалына, балдар жана өспүрүмдөр арасында илдеттердин көбөйүшүнө байланышкан маселелерди көтөрдү. Анын ичинен кымбат дарыланууга муктаж жарандарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик фонд түзүүнү сунуштады.

Андан тышкары, депутат Марат Мураталиев Талас районундагы медициналык мекемелерди заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо маселесине токтолсо, депутат Ырысбек Атажанов Баткен районунун социалдык-экономикалык маселелерин көтөрүп, бир катар айылдарга чек арага жакын аймак деген өзгөчө макам ыйгарууну демилгеледи.

Ошондой эле депутат Динара Ашимова Чуңкурчакка кеткен жол, Илимий-изилдөө институтунун Ботаникалык бакчасын сактоо жана өнүктүрүү боюнча суроолорду берди. Депутат Гуля Кожокулова республикалык бюджеттин чыгашаларын, мамлекеттик органдардын атайын эсебин оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселелерге токтолду.