Депутат «Инфокомдун» башчысына: «Мен 30 жыл иштеп, сиз алган айлыкты албайм»

«Мен 30 жыл иштеп, сиз алган айлыкты албайм». Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында депутат Исхак Масалиев «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчисине карата айтты.

Эл өкүлү «Инфокомдун» башчысы Рыскулбек Осмоналиевден канча айлык аларына кызыкты. Ал 70 миң сом аларын, IT-адистер 80-100 миң сом табарын айтты.

«Мен мамлекеттик кызматта 30 жылдан бери иштеп келем жана мындай маянаны эч качан алып көргөн эмесмин. Сиз жаш экенсиз жана азыр эле ушундай айлык алат экенсиз. IT-адистерге ошондой маяна берүү керек, антпесе алар кетип калышат», — деди депутат.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси бардык кошулган каражаттын эсеби менен 70 миң сом аларын айтты.