Депутат: «Ири ишканалардын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өтүшүнө каршымын»

Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “Дастан” баштаган мамлекеттик ишканаларды Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берген. «Бул төрт ири ишкананы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү туура болдубу?» деген суроо менен эл өкүлдөрүнө кайрылып көрдүк.

Депутат Алишер Козуевдин айтымында, министрлик өз ишин кылышы керек. «Министрликтин андан башка кыла турган жумушу толтура. Кыргызстандагы чоң-чоң мекемелерди өткөрүп берген алардын иштөө мөөнөтүнө же болбосо, иштин жүрүшүнө тоскоол болот болушу керек. Мен каршымын», — деди ал.