Депутат Иса Өмүркуловго Түркияда операция жасалды

Депутат Иса Өмүркуловго Түркияда операция жасалды. Бул тууралуу ЖМКлар өз булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Айрым маалыматтарга караганда, ал боор оорусу менен жабыркап келген. Операция дүйшөмбү күнү жасалган. Дагы бир операция бир айдан кийин жасалат.

Өмүркулов июнь айынын башында КСДП фракциясынын лидеринин ыйгарым укуктарын Өмүрбек Бакировго өткөрүп, өзү чет өлкөгө узак убакытка дарылануу үчүн кетип жатканы айтылган.