Депутат Исхак Масалиев президент кызматын жоюп салууну сунуштоодо. Бул сунушун эл өкүлү соцтармактагы баракчасына жазды.
«Урматтуу достор жана анча эмес достор. Бир ой жүгүртөйүн. Талкууга чакырам. Жеке кишиге тиешеси жок. Өлкөдө беш президент болду — илимдуу академик, мыкты ишкер, чыгармачыл адам жана ийгиликтүү ишкер, айыл чарба адис, спортчу. Эмнегедир бирөөсү да элге жагымдуу боло албады. Бийликке келсе эле, эч кимди укпайт, өтө билимдүү боло калат. Башкарууга тууган-уруктары аралашып кетишет. Балким президент деген кызматты такыр эле жоюп таштасак кандай? Күчтүү парламент, күчтүү өкмөт. Бир да жетекчини коргобой эле койсок. Кызматынан кеткенден кийин орточо айлык калтырсак кандай? Пикир алмашалы, күзгө чейин убакыт бар. Балким жыйынтыгында бир мыйзам долбоору бышып калар», — деп жазды ал.
Все президенты как слуга народа не работали .Внешний долги растут. Всё подорожал а доллар падает. Нет контроль.
Көп суур ийин казса терең казбайт болуп партия парламентти көрүп келбедикпи, президентти күчтөшүбүз керек, ЖКнын-партиядан келген депутаттардын санын дагы азайтыш керек, алардын өз көмөчүнө күл тартып иштеп жатканыңарды көрүп жатабыз.Президенттик башкаруу бизге эң ылайыктуу, эми казино ачылса көп депутаттар ошол жакка кетесиңер го кудай жалгап!
Сен бульдог Салык башчы кызматында отурганда жер ээлгенден башка эмне жумуш аткардың?Сен эчкилер айткандай «жакшыдан жаман чыгат «болуп келатасың! Атаңдын артынан ушул даражаны эл сага берди.Сенин Кыргызстан үчүн кыпындай да пайдаң жок!!Андан көрө мандатыңды тапшыр?!!