Депутат: «Июнь окуясы боюнча эл күнөөлүү болбошу керек. Бийликте ким болгон болсо, ошол күнөөлүү»

Бул аптанын башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, андан чыккандан кийин Июнь окуясы боюнча билгенин айтып бергенин билдирди. УКМКнын төрагасы бул кандуу окуя Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн аракетинин натыйжасында болгонун баса белгиледи. Өткөн жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров УКМКга Июнь окуялары боюнча материалдарды иликтөөнү тапшырган болчу. Мындан улам, депутаттарга «Июнь окуясын азыркы тапта козгоо туурабы? Туура болсо, бул кандуу калабага ким жооп бериши керек деп эсептейсиз?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Элмурза Сатыбалдиевдин айтымында, Июнь окуясы боюнча иш козголуп жатканы туура. «Күнөөлүүлөр аныкталышы керек. Тергөө кандай жүрүп жатат, билбейм. Мен Камчыбек Ташиевдин пикирине кошулам. Эл эч качан күнөөлүү болбош керек. Ошол маалда ким бийлик кылып турса, күнөөлүү ошолор болот. Себеби окуяны колдон чыгарып ийген, көзөмөлгө ала албаган ошол учурдагы бийлик», — деди депутат.