Депутат Алиев Июнь окуясы боюнча: «Миң адам өлдү. Бирөө жооп бериши керек да»

Бул аптанын башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, андан чыккандан кийин Июнь окуясы боюнча билгенин айтып бергенин билдирди. УКМКнын төрагасы бул кандуу окуя Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн аракетинин натыйжасында болгонун баса белгиледи. Өткөн жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров УКМКга Июнь окуялары боюнча материалдарды иликтөөнү тапшырган болчу. Мындан улам, депутаттарга «Июнь окуясын азыркы тапта козгоо туурабы? Туура болсо, бул кандуу калабага ким жооп бериши керек деп эсептейсиз?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Медер Алиев күнөөлүүлөр жооп бериши керек деп эсептейт. «Миң адам өлдү. Расмий маалыматтарда беш жүз деп жүрөбү? Бирөө жооп бериши керек да. Адилеттүүлүк орношу керек», — деди ал.