Бул аптанын башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, андан чыккандан кийин Июнь окуясы боюнча билгенин айтып бергенин билдирди. УКМКнын төрагасы бул кандуу окуя Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн аракетинин натыйжасында болгонун баса белгиледи. Өткөн жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров УКМКга Июнь окуялары боюнча материалдарды иликтөөнү тапшырган болчу. Мындан улам, депутаттарга «Июнь окуясын азыркы тапта козгоо туурабы? Туура болсо, бул кандуу калабага ким жооп бериши керек деп эсептейсиз?» деген суроо менен кайрылдык.
Депутат Улугбек Ормонов бул ишке чекит коюлушу керектигин айтты. «400дөн ашуун жараныбыз каза болуп, миңден ашуу жараныбыз жаракат алган. Азыркыга чейин дайынсыз болгон жарандарыбыз бар. Ошондуктан мунун чыккан себептерин, ким күнөөлүү экенин тактап коюш керек. Ким күнөөлүү экени тергөө бүткөндөн кийин билинет. Азыр бир тараптуу айтуу кыйын», — деди ал.