Депутат Маматалиев: «Июнь окуясына күнөөлүүлөр аныкталса, элден кечирим сурашы керек»

Бул аптанын башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, андан чыккандан кийин Июнь окуясы боюнча билгенин айтып бергенин билдирди. УКМКнын төрагасы бул кандуу окуя Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн аракетинин натыйжасында болгонун баса белгиледи. Өткөн жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров УКМКга Июнь окуялары боюнча материалдарды иликтөөнү тапшырган болчу. Мындан улам, депутаттарга «Июнь окуясын азыркы тапта козгоо туурабы? Туура болсо, бул кандуу калабага ким жооп бериши керек деп эсептейсиз?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Марлен Маматалиев Кыргызстанда кандай гана трагедия болбосун, анын эскирүү мөөнөтү болбошу керек. «Канчалаган жарандар көз жумду. Канчалаган үйлөр өрттөндү. Эл аралык имиджибизге терс таасирин тийгизди. Иликтениши керек. Бул Кыргызстанды бөлүп-жаруу ички душмандардын гана колунан келет деп эсептейм. Тергөө бүтүп, күнөөлүүлөр табылгандан кийин, алар элден кечирим сурашы керек», — деди ал.