Депутат Сыдыков: «Июнь окуясына Убактылуу өкмөттүн да күнөөсү бар»

Бул аптанын башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, андан чыккандан кийин Июнь окуясы боюнча билгенин айтып бергенин билдирди. УКМКнын төрагасы бул кандуу окуя Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн аракетинин натыйжасында болгонун баса белгиледи. Өткөн жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров УКМКга Июнь окуялары боюнча материалдарды иликтөөнү тапшырган болчу. Мындан улам, депутаттарга «Июнь окуясын азыркы тапта козгоо туурабы? Туура болсо, бул кандуу калабага ким жооп бериши керек деп эсептейсиз?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Бактыбек Сыдыковдун айтымында, тергөө жыйынтыкталса гана ким күнөөлүү экени билинет. «Чындыгында бул жерде баарынын күнөөсү бар. Убактылуу өкмөттүн да күнөөсү бар. Ошолор ушунун алдын алышы керек эле да. Буга жеткирбеш керек», — деди ал.