Депутат: «Жакында президент «домкомдорду» да дайындай баштайт»

Кыргызстанда Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин, акимдерди президенттин дайындоосу сунушталууда. Бул тууралуу 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоорлорун талкуулоо учурунда айтылды.

«Президенттин дайындоолордон да маанилүү милдеттери бар. Бул анын жумуш убактысын текке кетирбейби? Бизде «домком» менен маселе бар. Ал иштегиси келбейт. Алмаштыргыла дейт. Мен аны күтүүнү суранып турайын, анткени жакында президент «домкомдорду» да дайындайт», — деди депутат Евгения Строкова. 

Айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов мындай чечим системаны өлтүрбөйт, тескерисинче натыйжалуулукту жогорулатарын билдирди.