Депутат Жамгырчиев: «Дыйкандарга берилүүчү насыя боюнча комиссия түзүлүшү керек»

Депутат Эльвира Сурабалдиева жеңилдетилген шартта бериле турган насыяны ала турган ишканалардын арасында министрлер менен депутаттарга таандык компаниялар бар экенин айтып чыкты. Бул коомчулукта түркүн ойлорду жаратып, Министрлер кабинетинен агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн бөлүнө турган 10 миллиард сом боюнча маселени өзгөчө көзөмөлгө алынарын билдиришти.

21-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев калп маалымат таратылып жатканын, насыянын акчасы келе электигин айтты. Мындан улам депутаттарга «Жеңилдетилген насыяны чоңдор да ала турганы сынга кабылды. Бул туурабы?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Эмил Жамгырчиевдин айтымында, анын кредитти ала тургандардын арасында министрлер менен депутаттарга таандык компаниялар бар экенинен кабары жок. «Өткөн жумада жеке өзүм сунуш бергем. Бул боюнча комиссия түзүлүшү керек. Ошонун алкагында гана тараткыла деп. Анткени ал жерде коррупциялык элементтер бар. Насыяларды да аймактарга тең бөлүнүшү керек», — деди ал.