«Жакында эле депутаттар тобу “Чек ара ыйгарым укуктуулары” тууралуу мыйзамга өзгөртүүнү сунуштадык. Коомчулукта ар кандай пикир пайда болду, ошон үчүн муну коомдук талкуу дейт. Ток этери, биз башкалар тарабынан кечээкидей агрессия же куралдуу жаңжал чыкса, Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен чек ара ыйгарым укуктууларга (ошол жерде жашаган) ок атуучу аскердик курал аныкталган тартипте берилиши керек деп жатабыз. Бул башка өлкө менен чектеш жашаган элдин баарына курал таратылат дегенди түшүндүрбөйт. Мыйзамга так жазып жатабыз, жылына эки иреттен кем эмес атайын окутуу болот, даярдыктан өтөт, куралды алып жүрүү жана пайдалануу боюнча адистешкен, тандалган адамдарга гана берилет. Алардын өмүрү, саламаттыгын камсыздоого мамлекет кепилдик берет. Буга чейин да чек аралаш айылдарда мурда аскерде кызмат өтөгөн же маалыматы бар адамдар биздин тиешелүү органдар менен кызматташып келген, биз алардын укуктарын кеңейтүү керек деп сунуштадык. Мындай практика башка өлкөлөрдө да колдонулат. Бул биз Баткенге барганда жергиликтүү эл менен жолуккан учурда жашоочулар тарабынан айтылган сунуш болчу. Албетте, чек араны, жерибизди, элибизди мамлекет коргойт, сактайт, бирок биз сунуштаган долбоор да учурда зарыл болуп турат. Мыйзамды жергиликтүү тургундар менен, чек арачылар жана адистер менен кенешкен соң талкууга чыгардык. Сунуштар болсо, кабыл алабыз», — деп жазган Жанар Акаев.
Депутат Жанар Акаев курал берүү тууралуу мыйзам долбооруна түшүндүрмө берди
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев курал берүү тууралуу мыйзам долбооруна түшүндүрмө таратты. Ал аны соцтармактагы баракчасына жарыялады.
- Categories: САЯСАТ
Related Content
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү
Автор
СЕРЕП МЕДИА
16:11 19.03.2026
Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:01 19.03.2026
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
08:44 19.03.2026
Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
17:47 18.03.2026
Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
17:18 18.03.2026