«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго каршы мамлекеттик чыккынчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалып, кийин камакка алынды. Бул окуя боюнча анын кесиптештери кандай пикирде?
Депутат Акбөкөн Таштанбековдун айтымында, сотко барганда иш ачыкталат. «Менин оюмча түз жерден бирөөнү камоо кыйын. Демек, күбө бар. Бүгүнкү президент Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев кармалганда деле ушинтип сурашты да. Сот чечим чыгарды, эл ишенген жок. Алып чыгып койду. Мадумаров деле эртеңки күнү камалып кетсе, эл ишенбей койсо, ошондой болушу мүмкүн», — деди ал.