Депутат: «Жогорку Кеңеш Баткенге бөлгөн 500 миллион сом каякта?»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, «Жогорку Кеңеш Баткенге бөлгөн 500 миллион сом каякта?» деген суроо узатты.

«Ошону тактап, бизге таап бериңиз. Жылдын башында бергенбиз. Депутаттар айткан нерсе аткарылбаса бир чечимге келишибиз керек. Өкмөттү айдашыбыз керек же өзүбүз кетишибиз керек. Бизди укпаган соң эмне кереги бар? Акчаны таап бериңиз», — деди депутат.