Депутат: «Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдор, протоколдук тапшырмалар аткарылбай жатат»

«Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдор, протоколдук тапшырмалар аткарылбай жатат». Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда депутат Айбек Осмонов билдирип, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилерин сынга алды.

«Биз бул жерде 90 депутат биригип, токтомдорду чыгарып жатабыз. Аткарылып жатабы? Аткарылган жок. Биз бул жерде депутаттар протоколдук тапшырмаларады берип жатабыз. Аткарылып жатабы? Аткарылган жок. Келгиле, депутаттар, өзүбүз чыгарган токтомдорду, мыйзамдарды көзөмөлдөшүбүз керек», — деди депутат.