Депутат Жогорку Кеңештеги пленардык жыйындардын санын кыскартууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев пленардык жыйындардын санын кыскартууну сунуштады. Ал Жогорку Кеңештин күн тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп жатат. Автордун айтымында, учурдагы график жана «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамына ылайык, министрлер кабинетинин мүчөлөрү иш жүзүндө өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарууга убактысы жок.

“Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү комитеттин жыйынына чакырылат. Шаршемби жана бейшемби күндөрү пленардык жыйналыш, жумада фракциянын жыйыны. Министрлердин парламентке болгон чакырыктарын минималдаштыруу, эки бийлик бутагынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана өкмөттү өлкөнүн өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыктуу багыттарына буруу максатында, регламентке Жогорку Кеңештин отурумдарынын жыштыгы боюнча өзгөртүү киргизүү сунушталды”,-  деди ал.

Ага ылайык, жалпы жыйындарды айына эки жумада — шаршемби жана бейшемби күндөрү өткөрүү сунушталууда. «Жолугушуулар ортосунда эки жума бою Кабинеттин тынчын албайбыз. Мыйзам чыгаруу иш-аракеттери менен шайлоочулар, жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрөбүз», — деди депутат.