Депутат «Жогорку Кеңештин кыларга иши жокпу? Иштебесе кетсин» дегендерге жооп берди

«Акыркы убакта элдин арасында «Жогорку Кеңештин кыларга иши жокпу? Көрүнгөн маселени көтөрүп жатат. Бул эмне деген Жогорку Кеңеш? Иштесе иштеп, иштебесе кетсин» дегендер болуп жатат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, жыйын талашып-тартышуунун, эл арасындагы көйгөйдү алып келип, айта турган жер. «Ушул жерден чечип, силерге алып чыгуучу жер. Болбосо биздин эмне керегибиз бар?» — деди ал.

Ал ошондой эле желек маселесине токтолуп, гимндин экинчи куплетин өзгөргөнүн эске салды. «Анда эмнеге эгемендүүлүккө доо кетпейт? Биз желекти тамырынан бери өзгөртүүгө каршыбыз. Аны да жыйын чечет», — деди депутат.

Депутат мунун айынан өлкө башчыларына, кээ бир депутаттарга ар кандай пикирлер айтылып жатканын белгилеп, бул ишти саясатташтырбоого чакырды.