Депутат: «Жогорку сапаттагы асыл тукум уй дегенди кандай түшүнсө болот?»

«Жогорку сапаттагы асыл тукум уй» дедиңиз. Жогорку сапаттагы асыл тукум уй дегенди кандай түшүнсө болот?» деп суроо салды Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Жаныбек Керималиевге. 

Керималиев: Жогорку сапат деген асыл тукум мал да.

Депутат: Ошол жогорку сапаттагы уй деп аталабы?

Керималиев: Элита. Элитный деген бар.

Депутат: Кыскасы уйдун элитасы экен да ээ?

Керималиев: Ооба, элита деген болот да. Ошондой эле үрөндө да болот.

Депутат: Үрөн башка, уй башка да.