Депутат Бекешев: «Жумушка келбеген депутаттар айып пул төлөсүн»

Ким жумушка келбесе, айып төлөсүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

«Ошондо мыйзам долбоорлорду окуйт, билет. Бул күлкү эмес, айрымдары жумушка келет, айрымдары келбейт. Өткөн аптанын бейшемби күнү 15 эле депутат отурдук», — деди ал.