Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев Кыргызстанда кол алышып учурашууну убактылуу жоё турууну сунуштады. Мындай оюн ал бүгүн, 4-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Депутат дүйнөдө коронавирус боюнча абал дагы деле кооптуу болуп турганын айтып, өлкөдө тийиштүү органдардын бул жааттагы ишти солгундап калганын сындады.
«Азыркыга чейин бизге коронавирустун вакцинасы келе элек. Ошондуктан, санитардык нормаларды сактоо боюнча абдан бир жакшы иштерди кылсак деген сунуштарды киргизет элем. Бул өлкө башчыбыздын түздөн-түз көзөмөлүндө туруш керек. Мен өзүм ишке келгенде 500дөй киши менен кол алышып учурашып жатам. Ушул маселени бир карап койсоңуздар. Кыргыздар өзү абдан меймандос, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган калк болуп эсептелебиз. Ошондуктан учурашууну башка бир форматка өткөрсөк. Телеканалдардан айтып, убактылуу болсо да, салтыбызды өзгөрткөнгө муктаждык болуп жатат», — деди эл өкүлү.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирус 86 410 адамга жугуп, анын ичинен 83 375 адам айыгып чыкты. 1468 адам оорудан каза тапты.