Депутат: «Качкын президенттен маек алган Кадыр Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок»

Качкын президенттен маек алган Кадыр Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

«Кадыр Кошалиев деген УТРКнын журналисти маек алыптыр. Же аны иштен алышсын, же УТРК Бакиевдерди актайм деген реабилитациялык процессин баштадыбы деген суроого элге ачык жооп беришсин. Экинчиден, мындай адам Курултайдын аксакалдарынын төрагасы боло албайт. Элди бөлбөгүлө. Ушул барып качкан, жүздөгөн адамдарды 2005-жылы атып кеткен президенттен маек алат. Ал жерде актанып жаткан президенттин сөзүн чыгарып эмне кылышат? Курултай деген бүткүл Кыргызстандагы элге тең мамиле кылат. Бул адамдын Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок. Ушуну көзөмөлгө алгыла. Туура эмес болуп жатат», — деди депутат.

Буга чейин журналист Кадыр Кошалиев менен Курманбек Бакиев маектешкен видео жарыяланган. Ал эми УТРК Кадыр Кошалиевдин качкын президент Бакиевден алган чуулгандуу интервьюсу тууралуу расмий билдирүү таратып, улуттук телеканал Курманбек Бакиев менен маек Кошалиевдин жеке демилгеси экенин, УТРКнын ага тиешеси жоктугун айтты.