Депутат Кадырбеков: «Доллар көтөрүлсө, көз ирмемде баа да көтөрүлөт. Доллар түштү, баа эмнеге түшпөй жатат?»

«Доллар көтөрүлсө, көз ирмемде баа да көтөрүлөт. Доллар түштү, баа эмнеге түшпөй жатат?». Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

«Өткөндө доллар көтөрүлдү деп, көз ирмемде товарлар, баарынан мурда азык-түлүк кымбаттаган. 105 сомго чыккан доллар кайра 85 сомго түштү. Бирок товарлардын баасы арзандабай жатат. Эмне үчүн ушундай? Бул жолкусунда эле эмес, дайыма эле ушундай болуп келет», — деди депутат.

Эл өкүлү парламенттеги президенттин жана Министерлер кабинетинин өкүлүнөн жооп күтөрүн айтты.