«Эл түшкөн дүрбөлөңгө кылыбыз деле кыйшайган жок». Бул тууралуу SUPERTV‘нын «Собол тайм» рубрикасынын алкагында жооп берип жатып депутат Нуржигит Кадырбеков айтты.
Соңку күндөрү өлкөдө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетти. «Бул жаатта бийликтин жүргүзгөн ишине депутаттар кандай баа беришет? Эл түшкөн дүрбөлөңгө алар же үй-бүлөсү да түшүп, базарга барып, азык-түлүктү бастырып сатып алдыбы?». Ушундай суроо менен депутаттарга кайрылдык.
«Мен бул боюнча жыйында да сунуш айттым. СССР убагында спекуляция дешип, аны менен алектенген кызыл кулактар жазага тартылчу. Эртең кымбат сатабыз деп, кызыл кулактар товарды сатып алып коюшууда. Мындан да оор замандан өткөнбүз. Эл түшкөн дүрбөлөңгө кылыбыз деле кыйшайган жок. Бизде жашоо жакшы эле. Ынтымакта болсок, баары жакшы болот», — деди Кадырбеков.